Ардактуу мырзалар - аталар, агалар, инилер!
Жалпыңыздарды Ата-Мекенди коргоо күнү менен куттуктайбыз! Ата - аскалуу тоо, чептен эрдин күчү бек. Үй-бүлөнүн таянары да, мекендин жөлөнөр тирөөчү да - силерсиңер.
Кыргызстандын туусун бийик көтөрүп, намысын бек сактоо - ар бир эр жигиттин ыйык милдети. Мекенди коргоо кара күч менен эле эмес, кең дүйнө тааным, терең билим, курч пикир жана адилеттик, кен пейилдүүлүк менен бирге болуусу шарт.
Ар бириңиздердин өлкөбүзгө ак кызмат кылып, эл-жерге күйүмдүү болушуңуздага жана аталарыбыздын эр жүрөктүгү, тайманбастыгы, калыстыгы, мекенчилдиги ар бир кыргызстандык жигиттерде болуусуна тилектешпиз!
Майрамыңыздар менен!